Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Европалык сот ЮКОСтун ишин карай баштады


Адам укуктары боюнча Европалык сот Орусиядан 98 млрд доллар талап кылган ЮКОСтун азырын карай баштады. Страсбург, 4-март, 2010-ж.
Адам укуктары боюнча Европалык сот Орусиядан 98 млрд доллар талап кылган ЮКОСтун азырын карай баштады. Страсбург, 4-март, 2010-ж.

Бир кезде Орусиядагы эң ири мунай компаниясы болгон ЮКОСтун орус өкмөтүнө каршы арызы Адам укуктары боюнча Европалык сотто каралууда.

ЮКОСТун мурдагы жетекчилери Орусиядан 98 миллиард доллар өндүрүп берүүнү суранышты. Бул Адам укуктары боюнча Европалык соттун тарыхындагы эң ири сумма. Алар орус өкмөтү компанияны куугунтуктап, жасалма кинелер тагып, банкротко айлантып, бизнесин тартып алган деп арызданууда. Бир кезде Орусиядагы эң ири мунай компаниясы болгон ЮКОС 2006-жылы банкрот деп жарыяланган, анын сотко кайрылган экс-жетекчилери Кремль ЮКОСтун экс кожоюну Михаил Ходорковскийди саясий дымагы үчүн жазалоо максатында ушуга барышкан деген пикирде.

Ходорковский өзү финансылык көз боемочулукка барып, салыктарды жашырган деген кине тагылып, алыскы Сибирдеги түрмөгө сегиз жылга камалган. Байкоочулар ЮКОСтун акцияларын сатып алган катардагы кардарлар төрт жылдан бери иштебей калган компаниядагы акча үлүшүн кайтарып алаарынан үмүт аз дешет.

Анткен менен, Страсбургда жайгашкан Европалык сот буга чейин Орусияга каршы бир нече чечим чыгарып бергенин эске салышып, бул ирет да Кремль айып тартышы мүмкүн дегендер да жок эмес. Ушу тапта Лондондо жашаган ЮКОСтун вице-президенти Александр Темерко жакшылыктан үмүтү чоң экенин айтат. Темерконун айтымында, Европалык сот арызды кабыл алып, карай баштаганы эле чоң жылыш. Эми Адам укуктары боюнча европалык сот ЮКОСко каршы колдонулган мыйзам жана кысымдын баары саясий куугунтук болгонун териштирет.

Европалык сот ЮКОС жана Ходорковскийдин ишин караган сотто мыйзам бузуулар болгон-болбогонун, ошондой эле компанияга караштуу Юганскнефтегаз фирмасынын каражат-мүлкүн сатуу кандай жүргөнүн текшерет. Финансылык эксперт Андрей Сотник эгерде европалык сот ЮКОСту банкротко учуратуу мыйзамсыз болгон деп тапса, Орусияда өтө чоң кызматта отурган кишилер жана кээ бир чет элдиктер да зыян тартып калышы мүмкүн деп эскертет. “ЮКОСту жок кылуудан далай адамдар жана компаниялар акчага маарыган, алардын айрымдары азыр да орус өкмөтүндө жана бейөкмөт уюмдарда өтө чоң кызматтарда отурушат, - дейт ал. - Страсбургдагы сот ЮКОСту кыйратуудан ким кандай пайда тапканын документтер менен далилдеп көрсөтөт деп ишенем, мен билгенден алардын баары эле орусиялыктар эмес”.

Европалык сот ишти бейшембиде карап баштап, чечимин бир нече апта ичинде чыгарып калышы ыктымал. Адам укуктары боюнча Европалык соттун чечимине Европа Кеңешине мүчө бардык өлкөлөр, анын ичинде Орусия да баш ийүүгө милдеттүү. 2 жыл мурда Страсбургдагы сот Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедевдин укуктары бузулганы үчүн Орусияны ага азыраак суммадагы акча төлөп берүүгө милдеттендирген.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG