Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Казакстандагы мурдагы банкир Москвада кармалды


Казакстанда учурунда таасирдүү деп эсептелинген “Наурыз банктын” мурдагы жетекчиси Оразалы Эржанов Москвада кармалганы айтылууда. Казакстандын финансы полициясынан билдиришкендей, азыр эки өлкөнүн бийликтери аны Казакстанга өткөрүп берүүнүн жолдорун талкуулап жатышат. Эржанов ушул аптанын башында камакка алынган. Казакстан болсо аны 30 млн. доллар уурдап алган деп айыптап, беш жыл мурда ага эларалык издөө жарыялаган. “Наурыз банк” 2004-жылы жабылган.

XS
SM
MD
LG