Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Кытайда парламенттин жылдык сессиясы башталды


Өлкө парламенти – Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын жылдык сессиясы 10 күнгө созулат. Жыйынга 3000 делегат катышууда. Премьер-министр Вэн Цзябао сессиянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өлкө быйыл экономикалык өсүштү 8%га жеткирүүнү көздөп жатканын белгиледи. Дүйнө каржы кризистин шартында жашаган былтыркы жылы кытай экономикасы 8,7%га өскөн. Бул өсүш көбүнесе наркы 4 триллион юанга же 585 миллиард долларга эсептелген инфраструктуралык программалардын эсебинен камсыздалды. Кытай өкмөт башчысы өз сөзүндө ошондой эле улуттук акча юандын алмашуу курсу быйыл да стабилдүү кармаларын кошумчалады. Кытайдын акча алмашуу курсун көзөмөлдөшү АКШ жана башка соода өнөктөштөр менен мамиленин бузулушуна алып барды. Алар юандын башка чет элдик валюталарга карата курсу атайлап эле арзандатылган деп эсептешет.

Сессиянын жүрүшүндө Кытайдын быйылкы жыл үчүн бюджети бекитилмекчи. Аны утурлай жарыяланган маалыматтардын бирине караганда, өлкөнүн аскерий бюджети быйыл 7,5%га өсөт. Муну менен айрым чет элдик аналитиктер белгилеп жатышкандай, Кытайдын аскерий бюджети акыркы 20 жылда биринчи ирээт 10%дан азга көбөймөкчү.

XS
SM
MD
LG