Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Түркия АКШдан элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды


Расмий Анкара мындай кадамга АКШда Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын комитети Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын Осмон империясы тарабынан кырылышын геноцид катары баалаган резолюцияны кабыл алгандан кийин барды. Тышкы иштер боюнча комитет кабыл алган резолюция эми Конгресстин өкүлдөр палатасынын кароосуна берилет жана ал жерде өтөр-өтпөсү азырынча анык белгисиз. Документ ошондой эле милдеттүү түрдө аткарылгыдай күчкө ээ эмес. Анткен менен түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган мындан АКШ-Түркия алакалары менен катар бир кылымга жакын касташып жүргөн Түркия менен Армениянын элдешүү аракеттерине да зыян тийүүсү мүмкүн экенин билдирди. Армян тарап болсо резолюциянын кабыл алынышын кубаттап, муну Американын жалпы адамзаттык баалуулуктарга берилгенинин күбөсү катары баалады.

Түркия Вашингтондогу элчисин 2007-жылы да чакыртып алган. Анда да армян геноциди боюнча мыйзам Конгресстин комитетинде жактырылган эле. Бирок ал кездеги президент Жорж Буш документтин кабыл алынышына каршы чыккандыктан, ал жалпы Эл өкүлдөр палатасынын кароосуна жеткен эмес. Түрк элчиси болсо бир аптадан кийин кайтып барган. Бул ирээт да АКШ администрациясы Конгресстин комитетин Түркияда нааразылык жаратары анык болгон резолюцияны кабыл албоого үндөгөн. Түркия өзү Осмон империясы учурунда армяндар кырылганын моюнга алат, бирок алардын саны 1,5 миллионго жетет деген ырастоого жана бул окуя геноцид катары таанылышына караманча каршы.

XS
SM
MD
LG