Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

А.Бекназаров Жогорку Сот төрайымына байланыштуу кайрылуу жолдоду


Мурдагы коргоо министри, оппозиционер Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров президент, Жогорку Кеңеш спикери, Конституциялык Сот, Башкы прокурор, судьялар кеңешине бүгүн кайрылуу катын жолдоду. Каттын мазмуну өлкөдөгү сот адилеттигине багытталып, анда судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу баяндалат. “Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жергиликтүү сотторго көрсөтмө берип, ага ылайык судьялардын чечим чыгарышы – Баш мыйзамга каршы келип атат. Андыктан Жогорку Сот төрайымынын аракеттерине юридикалык баа берүүнү талап кылуудабыз” деп билдирди “Азаттыкка” Азимбек Бекназаров.

Адвокат “Жогорку соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын 2009-жылдын 23-октябрындагы бардык жергиликтүү сотторго жолдогон катынын негизинде айрым жарандар сот жараяндарында өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышты” деп жазат. Буга дейре соттун катышуучулары ишти карап жаткан судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтсө, ал боюнча арыз канааттандырылып, 10 күн ичинде даттануу укугу берилип келген. Даттануу түшкөн күндөн судья ишти кароодон четтеп, иш 2-инстанциядагы сотко жиберилип келген. “Жаңыл Алиеванын каты менен бул тартип өзгөртүлүп, жекече даттануу жогорку инстанциядагы сотторго иш менен кошо жиберилбестен чечим, өкүмдөр чыгып жатат” дейт Азимбек Бекназаров. (EK)

XS
SM
MD
LG