Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Кыргызстанда БУУнун Бирдиктүү программасы ишке кирет


Бирдиктүү программа энергетикалык жана азык-түлүк кризистеринин кесепеттерине карата БУУ системасын пландоо үчүн киргизилип жатат. Бул долбоор ириде глобалдык каржы кризис шартында калктын колдоого муктаж катмарына багытталган. Долбоор социалдык кызмат, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба, энергия менен камсыздандыруу өңдүү тармактарда колдоо көрсөтүү боюнча БУУ өзүнө алган милдеттенмелерден турат. Бирдиктүү программа тууралуу маалымат жыйыны 9-мартта Бишкекте уюштурулуп, ага вице-премьер-министр Акылбек Жапаров, Өнүктүрүү агенттигинин жетекчи орун басары Азамат Дикамбаев, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер жана ЮНИСЕФдин өкүлү Тим Шаффтер катышат. (EK)

XS
SM
MD
LG