Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Электр жарыгы 8-марттан тарта үзгүлтүксүз бериле баштайт


Мындай токтомду бүгүн өкмөттүн президиуму кабыл алды. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Нарын шаарынын тургундарынын митинги тууралуу маалымат берип, элдин көйгөйлөрүн убагында чечпеген облустун губернаторунун жана Нарын шаар башчысынын жоопкерчилигин кароону сунуш кылды. Алардын маселеси эки-үч күндүн аралыгында каралмакчы. Кочкордогу жер титирөөнүн кесепеттерине байланыштуу тиешелүү министрликтер аралык комиссия түзүлө турган болду. Каржы министрлигине тарифтердин көтөрүлгөнүнө байланыштуу кошумча 200 сомдон жөлөк пулду ардагерлерге, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине 10-мартка чейин толук төлөп берүү тапшырылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG