Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:22

Нарындыктар президент Курманбек Бакиевге кайрылышты


Нарындагы “Электр кубатын жана жылууктун баасын төмөндөтүү” кыймылы бүгүн президентке кат жолдоп, 24-февралдагы митинг боюнча туура эмес маалымат таратканы үчүн вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду айыпташты. “А.Жапаров 5-март күнү эл менен жолугушуп, Нарындагы митингдин талаптарын өкмөткө жеткирүүгө убада берген. Бирок ал өз убадасын аткаруунун ордуна жергиликтүү жетекчилерди күнөөлөп, тазаланбаган таштандылар тууралуу маселе көтөрүүдө” деп айтылат кайрылууда. Кыймылдын өкүлдөрү Нарын эли тарифтерди төмөндөтүү талабына бийликтен жооп күтүп жатышканын белгилеген. (JAk)

XS
SM
MD
LG