Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Пентагон коопсуздук фирмасынын Ооганстандагы иштерине тынчсызданат


АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс мурдатан «БлэкУотер» деп аталган бул ишкананын ишмердүүлүгүн текшерүүгө сөз берди. Мунун алдында Сенаттын Куралдуу кызматтар комитетинин төрагасы Карл Левин азыр «ЭксИ» деп аталган бул компанияга бир миллиард доллардык конктракт берүү пландарын кайра карап көрүүнү суранып кат жазган. «БлэкУотердин» буга чейинки ишмердүүлүгү АКШнын Ооганстандагы миссиясына шек келтирген атышуу менен байланыштырылууда.

Ошол эле убакта Пентагон бул фирманын адистешүүсү өтө сейрек болгондуктан, аны келишимден четтетиш кыйын болоорун каңкуулоодо. Блэкуотер алгач Иракта, 2003-жылдагы оккупациядан кийин америкалык өкмөт тарабынан ишке тартылган эле. Анын кайгуулчулары 2007-жылдагы атышууда 14 ирактык карапайым жаранды атып өлтүргөндөн кийин, бул коопсуздук фирмасынын иши тыкыр иликтөөгө алына баштаган. Бирок америкалык сот өткөн декабрда кайгуулчуларды актап чыгарганда, бул чечим ирактыктардын кыжырына катуу тийген. Ушул айда Ирак бийликтери бул компаниянын 250 мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине өлкөдөн бир жуманын ичинде чыгып кетүүгө буйрук берди. Январ айында, «ЭксИ» ишканасына тийешелүү фирмада иштеген америкалык эки кызматкер Кабулда эки ооган жаранын өлтүргөн деген шектенүү менен камакка алынган.

XS
SM
MD
LG