Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

10-мартта Нарында ири митинг өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, нарындыктар өткөрө турган митингде электр энергиясына, жылуулукка болгон баалардын төмөндөтүлүшүн, саясий куугунтуктардын жана камоолордун токтотулушун, өлкөнүн стратегиялык мекемелеринин сатылышын токтотууну талап кылышмакчы.

Буга чейин 5-мартка белгиленген митинг биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Нарынга барып нааразы болгондор менен жолуккандан кийин токтотулган болчу. Бирок ушул тапта нарындыктар А.Жапаров алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат таратып атканын айтып, талаптары аткарылбаса ири митингдерди өткөрүп, жөө жүрүш уюштурганга чейин барышарын айтышат. Нарындагы “Электр энергиясын жана жылуулукту төмөндөтүү” кыймылына бириккен оппозициянын аймактагы өкүлдөрү да кирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG