Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

АКШ менен Евробиримдик Ирактагы кечээки шайлоону макташты


Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама кечээ коркунучтарга карабай, добушун берген ирактыктарга алкыш айтты. “Алдыда Иракты оор күндөр күтөт, - деди Обама. – Бирок баардык эгемен өлкөлөрдөй эле, Ирак да өзүнүн өнүгүүсүнүн жолун тандайт. Америкалыктардын атынан мен Ирактыктарды бул тарыхый шайлоодогу активдүүлүгү үчүн куттуктайм! Бүгүн бузукулардын чабуулдарына карабай, ирактыктар өз өлкөсүн куруудагы оор кадамды жасашты. Америка Кошмо Штаттары согушту аягына чыгарууга жооптуу болгондуктан, биз Ирактын эли өз келечегин өзү көзөмөлдөшү үчүн ага колдоо көрсөтө бермекчибиз”.

Ал арада АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс кечээ шайлоого “буга чейин күтүлгөндөн көп адам катышканын” айтты. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон да Ирак элин парламентти тандоого активдүү катышканы үчүн мактаган билдирүүсүн таратты. Жекшембидеги шайлоодо өзгөчө коопсуздук чараларына карабай, чабуулдар да болду. Алардан кеминде 31 адам набыт болгону айтылууда. Шайлоонун алгачкы бейрасмий жыйынтыктары бүгүн айтылышы керек.

XS
SM
MD
LG