Чечим Палестина Эркиндиги уюмунун жыйынында кабыл алынды. Анын жетекчиси Абед Раббо “Палестина АКШнын ортомчулугунда Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө азырынча төрт айга макул болду” деп билдирди. 2008-жылдын декабрында Израил Газа шаарына чабуул койгондон бери Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартып келаткан.