Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

А.Жекшенкуловдун соту 10-мартка жылдырылды


Айрым айыпталуучулардын жүйөөлүү себептерден улам соттук отурумга келбей калганына байланыштуу сот 10-мартка жылдырылды. Бүгүн мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов акыркы сөзүн сүйлөөрү жана Биринчи май райондук соту өкүм чыгырышы ыктымал деп болжолдонуп жаткан.

3-марттагы соттук териштирүүдө адвокаттар, айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгышкан. А.Жекшенкуловдун акыркы сөзү көп болгондуктан сот жараяны 9-мартка жылган. Мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. А.Жекшенкулов былтыр 9-мартта Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камакка алынган болчу. Андан кийин үй абагына чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG