Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Т. Бапанов: Демилгечи топтун чечими мыйзамсыз


Бул тууралуу Киноматографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Бапанов бүгүн тараткан расмий билдирүүдө айтылат. Анда өздөрүн демилгечи топ деп атаган киноматографисттер союзунун мүчөлөрү 6-мартта уруксатсыз жыйын өткөргөндү айтылган. “Ал топту мен 22-февралда кабыл алып, алардын талаптарын уккам. Анан съездди 27-мартка деп белгилегенбиз. Экинчиден эки жылдык отчетту берүү үчүн кеңири убакыт керек болчу”, - деди “Азаттыкка” Т.Бапанов. Анын айтымында, демилгечи топтун отчет бербеди деп күнөөлөгөнү негизсиз.

6-мартта 71 кинорежиссер катышкан жыйын болуп, анда төрага Таалай Бапановдун эки жылда жасаган ишинин отчету талап кылынгандыгын, Бапанов жыйында отчет берүүдөн баш тарткан соң, уюмдун жобосуна ылайык анын ордуна башка жетекчи шайлангандыгын кинорежиссер Темир Бирназаров “Азаттыкка” билдирген эле. Ал жаңы жетекчиликке “Манас” университетинин окутуучусу Артыкбай Сүйүндүков көпчүлүк добуш менен “Кыргызстан киноматографисттер союзунун” төрагалык кызматына бекигенидигин да маалымдаган.

Т .Бапанов болсо бул жыйындын мыйзамсыз өткөндүгүгүн, союздун жүздөн ашуун мүчөсү катышпай калгандыгын айтты. “Алардын айткандарын төгүнгө чыгарам, мен сотко берем”, - деди Т. Бапанов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG