Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Италия соту Евгений Гуревичти камакка алуу чечимин чыгарды


Айрым батыштык басылмалардын маалымдашынча, римдик сот Алдо Моргини (Aldo Morgigni) теги кыргызстандык экени айтылган АКШ атуулу Евгений Гуревичти (Eugene Gourevitch) камакка алуу чечимин чыгарды. Гуревич Италияда көз бойомочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен топко көмөктөш болгон деп шектелүүдө. АКШнын атуулу Гуревич Кыргызстанда “MGN group” тобун жетектейт жана Улуттук электр станциялар акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү.
Ал президент Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын өнөктөштөрүнүн бири деп жоромолдонот. Мындан бир нече ай мурда Гуревич мырза "Азаттык" үчүн маек куруп, кыргыз президентинин баласы менен эч байланышы жоктугун айткан болчу.
Гуревичти камакка алуу чечимине карата “MGN group” азырынча маалымат бере элек. Бул компаниянын өкүлү бул доого карата расмий пикир шаршемби күнү жарыяланаарын "Азаттык үналгысына" бүгүн (9-мартта) билдирди. Ал эми оппозициядагы “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев болсо алыскы Италияда көз бойомочулукка каршы кылмыш ишинин козголушун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады.

XS
SM
MD
LG