Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

АКШнын вице-президенти Израилге колдоо билдирди


Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын кайра жандандыруу аракетинде Жо Байден бүгүн президент Шимон Перес менен жолуканда «Израил Жакынкы Чыгышта тобокелдикке даяр» деген үмүтүн кошумчалады. Нетаняху өз кезегинде палестиндер жана араб коңшулары менен элдешүү жана Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө Израилдин коопсуздук максаттарына кирерин билдирди. Байден Иерусалимге келген кечээ күнү Израил менен палестиндер АКШнын арачылыгы астында кыйыр сүйлөшүүгө макул болгондугу жарыяланды. Ошол эле мезгилде Израилдин өкмөтү Батыш Жээктеги жөөт айылында 100дөн ашык үй курууну жактырды.

XS
SM
MD
LG