Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

17-мартта айрым студенттер сабакка баруудан баш тартышууда


Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бир топ студенттери 17-мартта сабактарга бойкот жарыялап, оппозиция уюштурган элдик курултайга барганы жатышат. Бул тууралуу “220” кыймылынын мүчөсү , “Студенттер коррупцияга каршы” кыймылынын лидери Улан Орозбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тарифтердин көтөрүлүшү студенттерге терс таасир тийгизди. Алар окууну ойлобой эле, жумуш табуу аракетин көрүп калышты. Андыктан кымбаттоолорго каршы чыгып, оппозиция уюштуруп аткан курултайга катыша турган студенттердин саны арбын, дейт У.Орозбаев. (AiJu)

XS
SM
MD
LG