Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

БЭК: Элдик курултай сөзсүз өткөрүлөт


Бүгүн БЭКтин өкүлдөрү 17-мартка белгиленген элдик курултайга даярдык тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү. Курултайга даярдык көрүү комитеттин башчысы Роза Отунбаеванын айтымында, алар курултайды өткөрүүгө шаар бийлигинен спорт сарайды, Улуттук филармонияны жана А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын чоң залын берүүнү суранышып, терс жооп алышкан. Бирок Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев өз кадырын салып, филармонияны сурап берүүгө аракет жасаарын айткан. Р.Отунбаеванын айтымында, ал жай берилбеген күндө дагы, баары бир курултайдын кайда өтөөрү чечилет. “Ушул тапта ири облустардан 300гө чейин, майда облустардан 200гө чейин, ал эми Бишкек менен Чүйдөн беш жүз делегат курултайга келээри күтүлүүдө", - дейт, Роза Отунбаева. (AiJu)

XS
SM
MD
LG