Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Биринчи Май райондук соту мэрия тарапта


Биринчи Май райондук соту бүгүн Элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу Бишкек мэриясынын арызын канааттандырган чечим чыгарды.
Элдик курултайды уюштуруу комитетинин жетекчиси Р. Отунбаеванын адвокаты Галина Скрипкина бүгүнкү чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрыларын “Азаттыкка” билдирди.
Оппозиция Бишкек мэриясына 17-март күнү саат 10:00 тартып 20:00 чейин Ала-Тоо аянтында Элдик курултай өткөрөрү тууралуу маалымдаманы мыйзам боюнча 12 күн мурда тапшырган. Уюштуруу комитети ар кандай бут тосууларга карабастан, 17-мартта Элдик курултай уюштуруларын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG