“Forbes” журналынын маалымдашынча, азыр дүйнөдө 1011 миллиардер бар. Алардын 62си Россиядан. Былтыр 793 миллиардер бар эле. Азияда былтыртан бери миллиардерлердин саны эки эсеге көбөйгөн.
Эң бай адам мексикалык медиа-магнат жана уюлдук телефон байланыш компаниясынын ээси Карлос Слим саналат. “Forbes” жазганга караганда, анын дөөлөтү 53,5 миллиард долларга барабар.