Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Саясий куугунтукка каршы комитет Бакиевге кайрылды


Саясий куугунтукка каршы комитеттин жетекчиси Т. Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча комитет президент К. Бакиевден 17-марттын саат 9:00 чейин азыр камакта жаткан И. Исаковду, Э. Бөлөкбаевди, С. Аргынбаевди, У. Рыскуловду жана Балыкчы окуясы боюнча камалгандарды токтоосуз актоосун талап кылууда. Мындан тышкары И. Исаковго түрмөдө көрсөтүлүп жаткан кысым бийликтин тапшырмасы менен болуп жатканы тууралуу да айтылган. Кайрылуу ээлери мамлекет башчыдан комитет мүчөлөрү А. Сасыкбаева, Э. Турганбаева, М. Чолпонбаев, Б. Жээнбеков жана Т. Тургуналиев менен жолугушуусун, бул маселелерди көзмө-көз отуруп сүйлөшүүнү сурашууда.
Балыкчыда президенттик шайлоонун акыйкатсыздыгына нааразылыгын билдиргени үчүн 19 киши соттолгон, 11-январда мурдагы коргоо министри И. Исаков коргоо министри болуп турган учурда уулуна берилген 2 бөлмөлүү батирди кайра министрликке кайтарып бергени эске алынбай туруп, 8 жылга эркинен, генерал-лейтенанттык чининен ажыратылган. Өткөн жылы 26-апрелде Петровкада 4 жашар кызды зордуктаган күрт жигитинин жазасыз ээн-эркин басып жүргөнүнө нааразы болгон эл күрттөрдүн чыгып кетишин талап кылып, баш-аламандык болгон. Муну уюштурган деген айып менен оппозициялык ишмерлер Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев жана У. Рыскулов 27-апрелден бери камакта.(ZKo)

XS
SM
MD
LG