Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Иран Перс булуңундагы өлкөлөр менен АКШнын кызматташканына каршы


Бул жөнүндө президент Ахмединежад Иран түштүгүндөгү Хормузган провинциясын кыдырып жүрүп билдирди. Ал Батышты булуңдун энергия булактарына кожоюндук кылууну пландоодо деп күнөөлөдү.

Ушу тапта АКШ Коргоо министри Роберт Гэйтс Абу Дабиде сапарда жүрөт. Визит максаты Перс булуңундагы өлкөлөр менен чогуу Иранга финансылык кысым көрсөтүп, Тегеранды ядролук программасынан баш тарттыруу.

Пентагондун өкүлдөрүнүн кабарчыларга купуя айтышынча, Гэйтс Абу Дабиде Бириккен Араб Эмирлигинде иштеген айрым ирандык компанияларга каршы чара көрүү жагын талкуулайт.

XS
SM
MD
LG