Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Израилдин жаңы конуш планы АКШ башындагы өлкөлөргө жакпады


Израил өкмөтүнүн Чыгыш Иерусалимдеги басып алынган жерлерде жаңы дагы 1600 турак үй куруу чечимин бир катар өлкөлөр сындашты. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул план Израил Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка кызыкдар эмес деген кооптонууну жаратарын эскертти.

Израилдин басып алган жерлерде жөөт маалесин куруу чечмине байланыштуу Палеcтин президенти Махмуд Аббас эки жактуу сүйлөшүүлөрдү токтотту. Бул жөнүндө Араб Лигасынын башкатчысы Амр Муса маалымдады.

Региондо сапарда жүргөн АКШ вице-президенти Жо Байден палестин-изарил тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга чакырды. Мурда Байден турак жай куруу израилдик-палестиналык тынчтыкка коркунуч туудурарын айткан.

XS
SM
MD
LG