Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Ынтымак курултайынын күн тартибин келген делегаттар бекитет


Бул тууралуу пезиденттик катчылыктын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр "күн тартибин бекитпей жатат", деп сындар айтылып жатат, курултайда көтөрүлчү маселерди биз сунуш кылсак, "бийлик сунуш кылды, өзүнө ылайык күн тартибин түздү" деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан “Биз азыр эң активдүү делегаттарды чогулттук. Алар жакында телевидение, гезиттер аркылуу күн тартибинде кандай маселелер козголот, ошонун тегерегинде ойлорун бүгүн-эртеңден баштап айта башташат. Уюштуруу комитети ошолордун негизинде бардык сунуштарды, анан президенттик сайттагы курултай деген бөлүмгө да келип түшкөн ойлордун баарын чогултуп долбоорду иштеп чыгат”,-деди С.Жумагулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG