Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Я.Якобони: Е.Гуревич бриллианттар менен дагы шугулданган


Италиялык La Stampa гезитинин кабарчысы Якопо Якобони "MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревич жөнүндө макала жазып, аны арам акчаны адалдоо схемасын түзгөндөрдүн бири деп атап, Италиядан алдаган 2 миллиард 700 миллион доллардан тышкары 40 миллион еврону салыктан жашырганы аз келгенсип, бриллиант менен шугулданганын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, Гуревич өзүнүн кээ бир компаниялары аркылуу бриллианттарды Африканын айрым өлкөлөрү, атап айтсак Угандага жөнөтүүгө көмөктөшкөн болушу мүмкүн.
”Иликтөөгө жакын булактардын айтымында, анын Израил менен да байланыштары бар. Албетте, азыр көпчүлүк маалыматтар жашыруун болгондуктан, көп нерсе шардана кылына элек. Бриллианттар Европага, маселен Голландияга, Италияга да мыйзамсыз жиберилип турган. Бул абдан чиелешкен иш”,-деди журналист Якопо Якобони.

7-мартта Кыргызстандагы “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу римдик судья Альдо Моргини чечим чыгарганын “Сан франциско хроникл” гезити жазып чыккан. Маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган.
Ал эми мурда күнү Е. Гуревич болсо үй-бүлөсүнөн, кызматкерлеринен кечирим сурап Кыргызстанда болгон кызматтарын таштаганын билдирген болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG