Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Перс булуңундагы өлкөлөр Иранга каршы санкцияны колдошу мүмкүн


Бул тууралуу АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Анын айтымында, Сауд Арапстан жана Бириккен Арап Эмираттары Иранга каршы санкция киргизүү тууралуу Вашингтондун планын жактыргандай болушту. Анткени Иран буга чейин өзөктүк программасы боюнча кооптонууну азайтуу үчүн Бириккен улуттар уюму киргизген сунушту кабыл албай койгон. Ал арада Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад бул региондо Американын аракеттерин айыптап, “Америка терроризмге каршы күрөшкө жамынып, региондун жаратылыш ресурстарына ээлик кылууну каалап жатат”, - деди.

XS
SM
MD
LG