Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаевага кат жолдоп, оппозиция курултайды шаардагы Спорт ордосунда же болбосо “Спартак” стадиондо өткөрсө болоорун билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” СДПнын өкүлү Жыргалбек Турдукожоев билдирди. Анын айтымында, оппозиция бул сунушту кабыл ала элек. Кечээ Биринчи май райондук соту Элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыйуу салган Бишкек шаардык мэриясынын арызын канааттандырган чечим чыгарган. Бул чечимди жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияларга арыз жөнөтүлдү, дейт Ж. Турдукожоев. Элдик курултай 17-мартта өтөт. (EBM)