Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

“Азаттык” Нарында да угузулган жок


“Алмаз-Нарын” үналгысы да бүгүн саат 18:00 баштап, “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну токтотту. Бизге жеткен маалыматтар боюнча аталган үналгынын жетекчилигине Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызматкерлери чалып, “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарбашын талап кылышкан. КР байланыш агенттигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкери Улан Асаналиев менчик телерадиолорго “Азаттыкты” уктурбоо тууралуу буйрук берилгендиги тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
“Алмаз-Нарын” үналгысы өткөн жылдын ноябрь айынан бери лизенциясын узарта албай келүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG