Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Баткенде экс-губернатордун соту болуп жатат


Баткен райондук сотунун судьясы Исмайыл Каримжанов төрагалык кылып карап жаткан Баткен облусунун мурдагы губернатору Маратбек Жумабековго, облустук суу чарбасынын жетекчиси Мырза Асатов менен анын орун басары Самат Акматовго, башкы бухгалтери Худайбердиевге байланыштуу кылмыш иши боюнча күбөлөр сурала башталды. Аталган иш боюнча жалпысынан 47 күбөнүн жыйырмага чукулу бүгүнкү күнгө чейин көрсөтмө беришти. Күбөлөрдүн бири- Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы мэри Абдирасул Анарбаев Президент К. Бакиевдин туулган күнүнө деп мурдакы губерантор 1000 АКШ долларын жыйнап алган деп тергөө учурунда берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан тил кат жазып берген. Аны мурдакы губернатор Марат Жумабеков териштирүү учурунда төрагага тапшырды.(JsA)

XS
SM
MD
LG