Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Пакистанда жанкечтинин жардыруусунан кеминде он үч адам каза тапты


Окуя өлкөнүн түндүк-батышында болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, унаа менен келген жанкечтинин жардыруусунан он үч адам каза тапкандан тышкары дагы ондогон киши жаракат алган. Жардыруу Сват деген өрөөндөгү көзөмөл бекеттин жанында жасалган. Талибандын жергиликтүү күчтөрү менен жетишилген тынчтык макулдашуусу оңунан чыкпай калгандан кийин, Пакистан армиясы былтыр жыл башында бул чөлкөмдө ири аскерий операция өткөргөн. Жыл ортосуна барып, Сватта өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлү орнотулган болчу. Бирок кыянатчылыктар маал-маалы менен орун алып келет.

XS
SM
MD
LG