Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Медиа уюмдар "Азаттыкка" байланыштуу билдирүү таратты


Анда бир катар Интернет сайттардын ачылбай жатышына, ошондой эле популярдуу “Азаттык” маалыматтык радиостанциясынын көптөгөн аймактарда уктурулбай калышына камтамачылык билдирилген.

“Азаттыктын” берүүлөрү алгач Улуттук телерадиокорпорациясынан, андан кийин регионалдык радио жа телестанциялардан уктурулбай калды. “Манас жаңырыгы” (Бишкек), “ОК” (Бишкек), “Рояль” (Кызыл-Кыя), “Мост” (Талас), “Алмаз-Нарын” (Нарын) компанияларынын бир убакта “Азаттыкты” уктурууну токтотушу өлкөдөгү маанилүү окуялар, процесстер тууралуу атуулдарды маалыматсыз калтыруу үчүн атайын жасалып жаткан болушу мүмкүн деген шектенүүнү жаратат, деп айтылат билдирүүдө. Мындай тыянактарга “Азаттыкты” уктуруп келген теле-радио компаниялардын жетекчилеринин кырдаал туралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатканы да шыкак болууда.

Мындан сырткары 10-марттан тарта “Фергана.Ру”, “Центразия.Ру”, “Белый парус”, “LiveJournal”, “Азаттыктын” сайты ачылбай калды. Бул сайттарды ачууда тоскоолдуктарга “Кыргызтелеком”, “Мегалайн”, “Акнет” жана “Prohost” провайдерлеринин кардарлары тушугууда.

Медиа уюмдардын пикиринде ушундан улам эл арасындагы уу-дуу кептер маалыматтын чектелишин каржы, техникалык же укуктук эмес, биринчи кезекте саясий себептер менен байланыштырып жатат.

Билдирүүдө Ынтымак курултайынын алдында алдыңкы маалымат каражаттарына жана интернет сайттарга чектөө киргизүү мүмкүн эмес деп айтылат. Атуулдар өлкөдө эмне болуп жатканын билип турушу керек, алардын коомдук маанилүү маалыматты чектөөсүз алуу укугу бар, деп баса белгиленген. Медиа уюмдар бул Курултайдын бийлик жарыялаган маани-маңызына да төп келерин кошумчалашты.

Алар ошондой эле "Азаттыктын" кайра обого чыгышына, маалымат сайттардын ачылышына тиешеси бар адамдардын баарын колдон келген аракетти жасоого чакырышты.

Билдирүүгө төмөнкү уюмдар кол коюшкан:

"Журналисттер" коомдук бирикмеси
"Медиа Полиси институту" коомдук кору
"Маалыматтык укук борбору" коомдук фонду
ММКны колдоо борбору
Мезгилдүү басма сөздү таратуучулар жана чыгаруучулар ассоциациясы
Радио жана Телевидения ассоциациясы
Кыргызстандагы "Internews-Network" өкүлчүлүгү
Таластагы ММКны колдоо борбору
Карколдогу "Журналисттер үйү"
"Нарын.KG" ресурсттук борбору
Баткендеги ММКны колдоо борбору
"Тамга-news"
"Voice of Wreedom" коомдук кору менен "Эркиндиктин үнү" гезити. (EBM)

XS
SM
MD
LG