Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Иракта парламенттик шайлоонун добуштары саналып жатат


Шайлоо комиссиясы башкаала Багдад боюнча алгачкы жыйынтыктарды жарыялады. Бюллетендердин 18% саналгандан кийинки маалыматка караганда, борбордо премьер- министр Нури ал-Маликинин блогу алдыда бара жатат. Багдаддагы жеңиш парламенттеги мандаттарын соңку бөлүнүшү үчүн чечүү ролду ойноосу мүмкүн. Шийиттердин өкүлү болгон премьер- министрдин блогу Багдаддан тышкары түштүктөгү үч провинцияда, ал эми мурдагы өкмөт башчы Ияд Аллавинин коалициясы түндүктөгү эки провинцияда алдыга чыккан. Шайлоонун соңку жыйынтыгы, маалыматтарга караганда, бир нече апта ичи белгилүү болушу мүмкүн. Шайлоо өткөн жекшембиде болгон.

XS
SM
MD
LG