Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү тазаланды


12-мартта Бишкек-Ош жолунун 246- километринде түшкөн кар көчкүдөн улам жол үч күнгө жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жолду тазалоо иштерине алты жол тазалоочу техника тартылып, жол толук тазалангыча шашылыш болгон жеңил автоунаалар тоо бооруна кошумча салынган жол аркылуу өткөрүлүп турду. Бирок жолдун ачылышын күтүп калган Чычкан постундагы жүргүнчүлөр, тазалоо иштери жай жүрүп жаткандыгын белгилешип нааразылыктарын билдиришти. Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү колдон келген аракеттер жасалып жасалып жаткандыгын белгилешти.

Бишкек-Ош жолунун 246-километрине кар көчкү 12-мартта таңга маал түштү. Кан жолдун Сосновка жана Чычкан посторунда автоунаалар токтотулуп, ар бир постто кеминде элүү-алтымыштай жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар жолдун ачылышын күтүүгө аргасыз болушту.

Элдин көп топтолушунан улам кан жолдогу кафелерде тамактын баасы көтөрүлүп, жүргүнчүлөр чыгымга дуушар болушту. Жолдун ачылышын күткөн эл, жолду тезирээк тазалашса же тамактан каралашса жашкы болмок дешип тазалоо иштерин жүргүзгөндөргө нааразылыктарын айтышты. Бишкекке сапар алган атын атагысы келбеген айдоочу Чычкан постунда оз оюн мындайча билдирди.

- Ушул бир эле трасса бар экен. Ошол бир эле трассаны үч күндөн бери ача алышпай жатышат. Бул бийликтегилердин маани бербей жатканын билдирет. МЧС деген нерсеге миллиондогон акчалар бөлүнүп жаткан болуш керек. Бирок ошолор тиешелүү жакка жумшалбай жаткандай сезилет да бизге.

Кээ бир айдоочулар болсо, кар көчкү жөнүндө туура эмес маалымат берилип жаткандыгын, жолду эбак эле тазалоого мүмкүн болгондугун белгилешти. Чычкан постунда турган айдоочу Бектур Сыдыковдун айтымында түшкөн кар көчкү айтылгандан алда канча аз болгон:

- Көчкү деле өзү көп эмес. Мен ошол жерден кайттым биринчи болуп барып. Бийиктиги болгону 13-12 метр, а туурасы 300 метр. Аны элүү метр деп айтып жатышат. Элүү метрди көргүлөчү, бийиктиги кандай болоор экен.

Бирок кар көчкү түшкөн жерде жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Акылбек Маматовдун айтымына караганда, бул жолу 1 млн. 800 миң метр куб көлөмдөгү кар көчкү түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу кыйла көп. Акылбек мырза эки күн катары менен тазалоо иштери жүрүп, жолду тез арада ачуу үчүн колдон келген аракеттер көрүлгөнүн айтат:

-Кар көчкүнү тазалоо иштерине толук бойдон атайын техникалар катышып жатат. Бул жерге Өзгөчө кырдаалдар менен Транспорт жана коммуникация министрликтеринин техникалары иштеп жатат. Мындан сырткары жеңил автоунаалар үчүн көчкүнү айланып өтө турган атайын кошумча жол салдык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү билдиргендей, Бишкек-Ош жолунда күтүп турган жүргүнчүлөрдү так ушул жол аркылуу тоскоолдуксуз өткөрүүгө бүт аракеттер жасалып жатат. Жол тазалоо иштерине катышып жаткан “Кыргыз автожолдору” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Токтомамбетов Ызатбектин айтымында, күткөн айдоочулар дагы шашылыш билдирүү берилгенден кийин жолго чыгып алышып туура эмес кылышкан:

-Өзүңүздөргө белгилүү. Мына эки күндөн бери эле айтылып жатат. Жол жабылды, үч суткага чейин ачылбайт деп. Эми шопурлар, кээ бирлери шашып келе жаткандыктан ага карабай эле келе беришет. Укса да укмаксан болушат. Эми алардын өзүнүн иши. Нааразылык болушу мүмкүн. Мен аны болбойт деп айта албайм.

28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Бишкек-Ош жолу боюнча кар көчкү коркунучу бар аймактарда карды атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу. 12-мартта түшкөн кар көчкү 14-мартта күндүзгү саат төрттөр чамасында толугу менен тазаланып бүтүп, Бишкек-Ош каттамы автоунаалар үчүн ачылды.

XS
SM
MD
LG