Бул тууралуу Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилан Дарий борбор калаада ЕККУнун имаратынын алдындагы пикетте билдирди. Анын айтымында, аталган эл аралык уюм Кыргызстанда “Азаттыктын” уктурулбай калышы, бир катар интернет сайттардын ачылбай жатышы боюнча кырдаалга байкоо салып турат. Бул тууралуу билдирүү таратуу маселеси азыр ЕККУнун баш кеңсесинде каралууда. Л. Дарий “Азаттыктын” жетекчилиги менен кыргыз бийлиги бир пикирге келишет, деген үмүтү бар экенин айтып, аталган үналгынын уктурулушун демократиянын белгиси деп баалады. Азыр пикетке үч жүздөй адам катышууда. (EBM)