Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Кыргыз өкмөтү Орусия карызынын үстөгүн төктү


КР каржы министрлиги 15-мартта Орусиянын эсебине 1 млн. 131250 доллар которду. Бул өткөн жылы орустар эки тараптуу келишимдин негизинде берген 300 млн. доллардын үстөк пайызы болуп эсептелет. Келишимге ылайык Кыргызстан жыл сайын 0,75% өлчөмдөгү үстөк төгүп турууга тийиш, төлөмдөр жылына эки жолу: жазында жана күзүндө төгүлөт. Каржы министрлиги буга чейинки үстөк өткөн жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөнүн маалымдайт. Ал эми негизги карызды төлөө 2016-жылдан 2049-жылга чейин жүргүзүлөт.

Өткөн жылы 3-февралда Москвада түзүлгөн кыргыз-орус келишимине ылайык Орусия Кыргызстанга 300 млн. доллар жеңилдетилген насыя түрүндө берген. Ал эми 150 млн. доллар грант катары берилген. Мындан тышкары Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу үчүн 1,7 млрд. доллар инвестиция берүүгө макул болгон. Азырынча бул аткарыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG