Бул тууралуу Испаниянын полициясы кабарлады. Маалыматка караганда, алардын арасында 24 адам Испанияда кармалган. Рейд Австрияда, Германияда, Швейцарияда, Францияда жана Италияда жүргүзүлдү. Кармалгандарды акча уурдоо, баңги, курал-жарак аткезчилиги үчүн айыпташууда. Негизинен грузиндер менен орустардан турган бул мафия дүйнөдө эң таасирдүү кылмыш топторунун бири экени айтылды. Испан полициясы ал топко жылдар бою көз салып келгенин билдирди.