Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Нарында 17-мартка чакырылган митингди сот мыйзамсыз деп чечти


Нарын шаардык мэриясынын берген арызын карап чыккан шаардык сот 17-мартка белгиленген митингди мыйзамсыз деп чечим чыгарды. Бул жөнүндө Нарын губернатору Алмазбек Акматалиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. “Ошондуктан эртең бир өзгөчө абал же бир нерсе болуп кетсе, ошол уюштуруучулар жооп берет”,-деди губернатор Алмазбек Акматалиев.

10-мартта Нарында отун-суунун кымбаттыгына каршы өткөрүлгөн митингдин катышуучулары Өкмөткө электр кубатынын наркын 70 тыйынга түшүрүү, отун-суу акысын төлөөдө тоолуу аймакта каралган жеңилдиктерди сактоо сыяктуу социалдык-экономикалык талаптарды коюшкан. Нарындыктардын өкүлдөрүн 12-мартта Бишкекте премьер-министр Д. Үсөнов кабыл алып, аларга электр наркынын тарифтери кайра каралбайт деп жооп кайтарган. Ошондуктан Нарындагы тургундар нааразы болуп кайрадан митингге чыгарын билдиришкен. (KUs)

XS
SM
MD
LG