Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Казак жана өзбек президенттери жаңы ГЭСтердин курулушун сөзсүз экспертизадан өткөрүүгө чакырышты


Казакстандын расмий “Казинформ” агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримовдун бүгүн Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрүнүн соңундагы маалымат жыйыны учурунда айтылды. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин сөзүнө караганда, эл аралык экспертизаны Тажикстандын Рогун, Кыргызстандын Камбар –Ата ГЭСтеринде өткөрүү жана андай экспертиза учурунда экологиялык , техногендик коопсуздук маселелери жана суу агымынын жөнгө салынышы эске алынышы керек. Сырдайра менен Амудайранын төмөнүндөгү өлкөлөр катары Казакстан менен Өзбекстанга кепилдик зарыл экенине токтолгон казак президенти экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин эки өлкө Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭСтердин курулушуна катышууга даяр экенин кошумчалады. Ага катар казак президенти кыргыз жана тажик кесиптештерин Астана менен Ташкенттин талабын туура түшүнүүгө чакырды. Нурсултан Назарбаев Ташкентке расмий сапар менен кечээ барган. Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтерин эл аралык экспертизадан өткөрүү чакырыктары Өзбекстандан айтылып келинген эле.

XS
SM
MD
LG