Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Ынтымак курултайында Аксы окуясына байланыштуу маселе каралат


Президенттин басма сөз катчысы А. Турдумаматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 23-марттагы иш-чарада карала турган маселелердин бири Аксы окуясы. Ага ошондо Ынтымак курултайынын катышуучулары тарабынан баа берилет. Ошондуктан, Аксы окуясынын сегиз жылдыгына карата бийлик тарабынан эч кандай иш-чара уюштурулган жок дейт А. Турдумаматов.
2002-жылдын 17-18-мартында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылыгын билдирип, жөө жүрүшкө чыккан элге бийлик ок чыгарган. Натыйжада төрт адам октон, бирөө милициянын токмогунан каза таап, ондогон адамдар жаракат алышкан. Аксы окуясынын жабырлануучулары бул окуяга саясий баа бериле электигин белгилөө менен бул кайгылуу окуянын болушуна азыркы президент, ошол убактагы өкмөт башчы К. Бакиевдин түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG