Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Ынтымак курултайынын айрым делегаттары сунуш менен чыкты


Бүгүн “Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмеси жана башка уюм, партиялардан көрсөтүлгөн делегаттар 23-мартта баштала турган Ынтымак курултайдын күн тартибине өздөрүнүн сунуштары менен чыкты. “Ала-Тоо ынтымагынан” көрсөтүлгөн делегаттар Ынтымак курултайынын күн тартибине Конституциялык реформаны токтотуу, тарифтерди ордуна келтирүү, “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелекомду” мамлекетке кайтаруу, келечекте парламенттик башкарууга алып келе турган Конституциялык реформаны жүргүзүү маселесин киргизүүнү сунушташты.
Ал эми дагы жыйырма делегат Манасты ЮНЕСКОдо Кыргызстан атынан каттатуу, Элдик курултайды Конституцияга киргизүү, саясий куугунтуктарды токтотуу, стратегиялык тармактарды мамлекеттин колунда калтыруу жана тарифтерди ордуна келтирүүнү кароону сунуштады. (AiT)

XS
SM
MD
LG