БЭКтин Аксыдагы төрагасы Исраил Шергазиевдин билдиргенине карата, 17-мартта Кербен шаарында райондун тартип сакчылары жолдо бараткан айдоочунун күбөлүгү менен басылманын 200 нускасын алып коюшкан. Милиция аларды 3-4 саат бою кайтарып берген эмес. БЭКтин өкүлчүлүгү күбөлүктү кайтаруу талабын койгон соң гана маселе РИИБинин башчысынын түздөн-түз көрсөтмөсүнөн кийин чечилген.(YA)