Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

К. Дүйшөбаев: Курултайга курч маселелерди коебуз


Ынтымак курултайынын айрым делегаттары курултайдын күн тартибине киргизилүүчү маселеге өзүлөрүнүн сунуштарын билдиришти. Алардын бири “Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Сиздер Ынтымак курултайынын күн тартибине киргизүүнү сунуштап жаткан маселелер Элдику курултай тарабынан коюлган шарттарга мазмундаш болуп атат. Бирок ушул сунуштарды Ынтымак курултайында айтууга сиздерге мүмкүнчүлүк берилеби, дегеле сүйлөгөнгө сөз берилеби деген суроо туулат?

- Бүгүнкү күндө биздин коюп аткан маселелерибиз элге керек болгон маселелер деп ойлойбуз. Анткени бүгүнкү күндө биздин коомубузда жана мамлекетибизде ошол маселелердин тегерегинде абдан курч мүнөздө талаш-тартыш болуп атат. Биринчи кезекте багыт-багыты менен маселелерди коюп атабыз.

Биринчиси, кыргыз элинин рух дүйнөсү менен байланышкан маселелер. Экинчиси, саясий маселе. Үчүнчүсү, экономика багытындагы маселелер. Биринчи маселе, “Манас” дастаныбыз дагы өтүп кетпедиби, ошону кыргыз мамлекетинин атынан кайра ЮНЕСКО аркылуу каттатуу.

Кыргыз элинин тарыхын кайрадан калыбына келтирип, так жазып, биздин ата-бабаларыбыздын салттарын ордуна коюп, ошону элибиздин күндөлүк жашоо турмушунда абдан кеңири колдонуу. Ал эми тариф багыттагы маселебиз болсо, биринчи кезекте саясий куугунтуктарды токтотуп, Балыкчы, Аксы, Алайдагы элдин суроо талаптарын адилеттүү калыс чечүү. Ал эми экономикалык багытта болсо, биз бүгүнкү күндө асмандап чыгып кеткен энерго, байланыш тартифтердин барын ордуна коюп, калыбына келтирүү, элдин суроо талаптарына жооп берүү.

Ал эми стратегиялык менчиктештирүүнү токтотуу жана жер, суу, жаратылыш байлыктардын баарын жалпы элдин менчиги деп таап, элдин жашоо-турмушун оңдогонго гана багыттоо. Ушул маселелерди биз бүгүнкү күндө элдин эң курч маселелери деп курултайга коюп, ошолордун каралышына биз жетишүүгө аракет кылабыз.

- Бирок Кеңешбек мырза айтсаңыз, мына ушул маселелер боюнча сиздерге сөз берилип, сиздер бул сунуштарды айткан күндө дагы Ынтымак курултайынын башка делегаттарынын колдоосун таба алабы деген дагы суроо туулуп атат?

- Бүгүнкү күндө биз ал маселелерди колдоо үчүн жалпы курултайга шайланган делегеттардын арасында кеңири иштерди жүргүзүп атабыз. Бүгүн 50гө жакын делегаттар ошол маселелерди колдойбуз деп кол коюп, ооз эки жүзүндө дагы макулдугун берип атышат. Биз курултайга чейин, андан кийин да көп делегат бизди колдошу мүмкүн деп ойлойбуз. Ошол жерде биз маселелерди кабыргасынан коюп, эгерде каралбай кала турган болсо, элдин ушул маселелерге, мүдөөлөрүнө жооп болбой кала турган болсо, анда дагы биз өзүбүздүн керек деп тапкан кадамдарыбызга барууга даярданып атабыз.

- Билсек болобу кандай кадамдар экенин?

- Аны укуктук талаада абдан көп мүмкүнчүлүктөр бар. Биринчиден, ал курултайга барбай коюуга да мүмкүнчүлүгүбүз бар, ошол эле курултайдан чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүгүбүз бар, курултайдан чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз ойлойбуз ага курултайды уюштуруп жаткандар жеткирбейт болуш керек деп. Ошондуктан курч маселелерди коюп, оңго жетишебиз деп ойлоп атабыз.

- Жанылышпасам, сиздердин сунушуңуздарда Баш мыйзамдын реформаланышын токтотуу дагы бар беле?


- Ал саясий укуктук маселелердин арасында дагы бүгүнкү жүргүзүп жаткан административдик реформа жана Конституцияга болуп аткан өзгөрүүлөрдүн баары туура эмес, элдин кызыкчылыгына туура келбейт. Алардын баарын кайра чакыртып алып, жалпы элдик референдумга коюп, оппозиция, башка күчтөр менен жалпы кабыл алынган долбоорду алып чыгып, элдик талкуудан кийин, референдумдан кийин административдик реформа жана Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиш керек деп эсептейбиз.

Андан тышкары биз Элдик курултайды киргизүүгө жетишкенге аракет кылабыз. Анткени бийлик болобу, башка бийлик бутактары болобу Элдик курултайдын астына, жалпы элдин астында жооптуу болбосо элди, мамлекетти кайда алып баратканын көрүп атпайбызбы.

- Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG