Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

И.Исаковдун саламаттыгы дурус


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаңы-Жер абагында жаткан генерал менен жолугушуп келгенден кийин, анын адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, абакка дарыгер Омор Нарбеков менен чогуу барышкан. Ошондой эле А.Бекназаров БЭКтин максаты президент болчу кишини көрсөтүү эмес, эркин, акыйкат шайлоо мүмкүнчүлүгүн түзүү экенин белгиледи. “Мындан чуу чыгаруунун эч кажети жок. Биз өлкөдө адилет шайлоо болсун деп жатабыз”, - деди А.Бекназаров.

Мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков баласына өкмөттүн эсебинен мыйзамсыз батир алып берди деп 8 жылга эркинен ажыратылган. И.Исаков муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу экенин белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG