Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Орусияда өкмөткө каршы ири акциялар өтүүдө


Санкт Петербургда бүгүн миң чакты киши «Путиндин командасы кетсин!» деген талап менен чыгышты. Полиция кийлигишкен жок. Өлкөнүн чыгышындагы Владивосток портундагы демонстрацияга бир жарым миңдей киши келди. Уюштуруучулар окуган талаптардын арасында Путиндин өкмөтүн отставкага кетирүү жана 2004-жылы жоюлган губернаторлорду түз шайлоону кайра калыбына келтирүү талаптары болду. Кремлдин оппоненттери бүгүн бүт өлкө боюнча нааразылык күнүн жарыялаган. Москвада жана Иркутскиде да ири демонстрациялар болоору айтылууда.

XS
SM
MD
LG