Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Миграция маселесин президентке жеткирүү аракети көрүлөт


Ынтымак курултайына мигранттар атынан делегат болуп шайланган өкүлдөр миграция көйгөйлөрүн президентке жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн өткөн мигранттардын көйгөйүн талкуулаган тегерек үстөлдө айтылды. Делегаттар мигранттардын укугун коргоо мүмкүнчүлүгүн түзүү, Кыргызстанда паспорт алуу жолун жеңилдетүү жана Орусиянын жарандыгын алган шартта да Кыргызстандын жарандыгын сактап калуу маселелерин ортого салышмакчы. Мындан сырткары кыргыз тилин сактап калуу үчүн атайын чаралар көрүлүп, кыргыздар көп шаарларга маданий борбор ачууну сунушташат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG