АКШнын президенти Барак Обама өзү сунуш кылган мыйзам долбоорду Конгресстен өткөрүш үчүн 216 добуш алышы керек эле. Долбоорду 219 конргессмен колдоду. Обама муну “тарыхый окуя” катары баалады. Бул - Америкада саламаттыкты сактоо тармагында 1960-жылдардан берки эң ири реформа. Жаңы мыйзам бул тармакта ири өзгөрүүлөрдүн болушун шарттайт.