Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Иракта шайлоодогу добуштар кайра саналбайт


7-марттагы парламенттик шайлоодон түшкөн добуштар кайра саналбай турганын өлкөнүн шайлоо комиссиясы билдирди. Өткөн дем алыш күндөрү бу комиссия чыгарган алдын ала жыйынтыктарда мурдагы премьер-министр Аяд Аллавинин партиясы азыркы өкмөт-башчы Нури ал-Маликинин партиясын артта калтырып, аз эле добуш менен утуп жатканы айтылган. Бул кабардан кийин президент Жалал Талабани менен премьер-министр Нури ал-Малики добуштарды кайра санаш керек дешти. Бирок өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы буга жол берилбей турганын билдирди. Акыркы жыйынтык 26-мартта белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG