Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:37

Ынтымак курултайынын айрым делегаттары курултайга катышуудан баш тартты


Делегаттар Асейин Аракеев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кадыр Кошалиев, Алмамбет Матубаримов жана Дастан Сарыгулов 22-мартта билдирүү таратып, анда 23-марттагы Ынтымак курултайынын жыйынына катышпасын билдиришти. Мындай чечимдин себеби катары тарифтерди калыбына келтирүү, стратегиялык ишканаларды мамлекетке кайтаруу, Алай, Нарын, Балыкчы элдеринин талаптарын аткаруу, Конституциялык реформаны токтотуу маселеси Ынтымак курултайынын күн тартибине киргизилбегени айтылган.Бирок бул инсандар Ынтымак курултайынын делегаттыгынан баш тартышкан эмес.(AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG