Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ынтымак курултайы өз ишин баштады


Кыргызстандын гимни менен башталган иш-чарага 742 делегат катышып жатат. Булардан тышкары мамлекет башчы К. Бакиев, ЖК төрагасы З. Курманов бардык депутаттар менен, өкмөт башчысы Д. Үсөнов бардык өкмөт мүчөлөрү менен, ошондой эле башка мамлекеттик жогорку кызматкерлер катышууда.
Ынтымак курултайына президенттик квота менен делегат болуп чакырылгандардын айрымдары кечээ курултайга катышуудан баш тартышкан. Алардын бири, коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов мындай чечимге курултайды уюштуруу комитетине 18-мартта жиберген сунуш-талаптарына алигүнчө жооп болбогону себеп болгонун "Азаттыкка" билдирди. “Курултайда карала турган маселелерди салтка ылайык алдын-ала айтып койсо жакшы болмок. Алигиче курултайдын күн тартибине кайсы маселелер коюлары белгисиз”, - дейт Д. Сарыгулов.

Бул делегаттар саясий куугунтуктарды токтотуу, конституциялык өзгөртүүлөр боюнча долбоорду чакыртып алуу, арзанбаа сатылган стратегиялык объекттерди мамлекетке кайтарып алуу, Баш мыйзамга Элдик курултай институтун киргизүүнү жана Алай, Нарын элининин талаптарын калыс карап, чечүүнү талап кылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG