Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:06

Өзбекстанда төрөт үйүндө СПИД вирусун жуктурган 14 наристе көз жумганы кабарланды


Дагы 133 чүрпө иммундук таңсыктык вирусуна кабылган. 3 жыл мурда орун алган бул окуя, Фергана.ру сайтынын редактору Даниил Кисловдун айтымында, өзбек тергөөчүлөрү даярдаган даректүү тасмада баяндалган. Аталган интернет сайтта кечээ жайгаштырылган тасма буга чейин эч жерде көргөзүлгөн эмес. Анда айтылгандай, окуянын айынан Наманганда 12 догдур жана кенже медициналык кызматкер соттолгон. Өзбекстандын расмий бийликтери бул тасмада айтылгандарга карата пикирин билдире элек.

XS
SM
MD
LG